10:29, 18 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Динде «Ихсан» менен «Фанатизмдин» айырмасы кандай? Экөөнүн ортосунда чек барбы?
Инсан тууралуу «аллаага аны көрүп тургандай, же ал сени көрүп тургандай сыйынуу», — деп айткан Мухаммед пайгамбар (Муслим, Ахмад).
Ихсанды фанатизмден айырмалоо үчүн пайгамбардын сунналарын так аткарып, чектен ашпай, дин тармагында жаңылыктарды киргизүүдө өтө ашырып жибербөө керек. Мухаммед пайгамбар өзү «Татаалдантпай жана жеңилдеткиле; кубанткыла жана капа кылбагыла» деп айткан (Бухари, Ильм, 11.).