01:21
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Султан Ибраимовго «Эл баатыры» наамын берүү сунушталууда

Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы (1978-1980) Султан Ибраимовго «Эл баатыры» наамын ыйгаруу сунушталууда. Бул тууралуу Мирлан Бакиров билдирет.
 
Анын маалыматында, «Мамлекеттик сыйлыктар» тууралуу мыйзамга өзгөртүү сунушталууда.
 

Ага ылайык, Султан Ибраимовго наам берүү каралат.

«Мындай наамдар Исхак Разаков, Турдакун Усубалиев жана Апсамат Масалиевде бар. Бирок, мыйзамда көзү өтүп кеткенден кийин сыйлык ыйгаруу каралган эмес. Мындан улам биз өзгөртүү сунуштап жатабыз. Бирок, бул өзгөртүү эки гана кишеге -Султан Ибраимов менен Төрөбөй Кулатовго гана тиешелүү», — дейт Мирлан Бакиров.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Султан Ибраимовду бөлүп кароо туура эмес экендигин, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон башка саясый ишмерлер дагы бул наамга татыктуу экендигин белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар