Опера жана балет театрын Курманбек Бакиевдин жакшы көргөн ырчысы жетектейт

11:36, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

Каримберди Турапов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин мурунку башкы директор Болотбек Осмонов өз ыктыяры менен иштен кеткен.

2000-жылдан 2010-жылга чейин Каримберди Турапов Улуттук филармонияны жетектеген. Курманбек Бакиев мамлекетти башкарып турганда аны эң жакшы көргөн ырчыларынын бири деп атаган.