11:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Опера жана балет театрынын башкы директору ээлеген кызматынан бошотулду

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Осмонов Болот берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, кечээ театрдын директору кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Аталган театрдын жамааты «айрым маалыматтарга караганда, директорду кызматтан кетүүгө өз ыктыяры менен арыз жазууга мажбурлап жатышат», деп билдиришкен.

Буга чейин аталган маданий жайда болгон Dota 2 оюуну боюнча мелдештен кийин ызы-чуу болгон. Анда коомчулук театрда да ошондой оюндарды өткөрүүгө болобу деген нааразы кептерин айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар