Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге шектүүлөр табыла элек

12:24, 23 января 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге шектүүлөр табыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

Милиция окуянын күбөлөрун суракка алышууда. "Сурак жактоочунун катышуусунда жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кимдир-бирөөлөргө кысым көрсөтүп жатат деген билдирүү чындыкка коошпойт", -деп билдиришти ОИИБдан. 

Эске салсак, Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди  белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкен.