Кыргызстандагы 3 аба майдан учуу үчүн жараксыз абалда

11:29, 22 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы 3 аба майдан учуу үчүн жараксыз абалда. Бул тууралуу унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча парламенттик комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Айтымында, ички каттамдарды өнүктүрүү үчүн бир канча аба майданды калыбына келтириш керек.

«Адистер Каракол, Талас жана Кызы-Кыя шаарларындагы аба майдандар учууга жараксыз деп бүтүм чыгарып беришти. Алардын ордуна жаңы салуу керек», -деди Кубатбек Боронов.

Комитет «Эйр Кыргызстан» компаниясынын  абалын талкуулоодо.