10:05, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg
Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализм боюнча милициянын бир канча версиясы айтылууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл районунун акими Дамир Иманалиев билдирди.
«Милиция иштеп жатат, окуянын бир канча версиясы айтылууда. Бирок, тергөөнүн алкагында алар айтылбайт. Атайын цехтер бар, жаңы кресттерге муктаж болгондорго алар беришет. Баардыгы болуп 35 крест талкаланган, кээ бир эстеликтер кулап калган», -деди аким.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырды.