15:07, 08 января 2019, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында түкүргөн жаран Бишкеке алынып келинди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Рамис Закиряевдин буга чейин Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө түшүнүк кат жазганы кабарланган.
Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык 1-январдан тарта «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.