Орусияда жол кырсыгында кыргызстандык жаран каза болду

09:05, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Орусияда Рязанская облусунда жол кырсыгынан  кыргызстандык 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык 22-декабрда орун алган. Жолдо 2 фура сүзүшкөн.

«Жүк ташуучу унаанын бирин кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан. Алган жаракатынан улам ал көз жумду. Экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жаткырылды», -деп жазылат маалыматта.