«Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп атат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам», деген Ахматбек Келдибеков.
Келдибеков жакында экс-президенттин кол тийбестиги жоюларына ишенерин кошумчалады. 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Ахматбек Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптаган.