15:13, 12 декабря 2018, Бишкек - 24.kg
Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Аскарбек Шадиевге карата кылмыш ишин карады.
Соттук отурумга чейин прокурор баардык күбөлөр тиешелүү түрдө кабардар болгонун айтты. Бирок, жолдун узактыгынан сотко келүүдөн баш тартышууда.
Жыйынтыгында сот күбөлөрдү күчтөп алып келүү боюнча чечим кабыл алды.
Эске салсак, Аскарбек Шадиевге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген берене боюнча айып коюлууда.