Болот Шамшиевдин унаасын уурдаганга шектүү кишилер кармалды

09:26, 30 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек милициясы режиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетүүгө шектүү кишилерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин режиссер милицияга кайрылып, үйүндө токтоп турган «Мерседес Бенц Е-230» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Окуя 8-ноябрдан 9уна караган түнү болгон.

9-ноябрда Свердов РИИБнын кызматкерлери Ысык-Ата районунун Милянфан айылынан дөңгөлөктөрү жок өрттөлгөн унааны табышкан.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 1994-жылы туулган Ш.К. жана 1993-жылы туулган Л.Ю. болуп чыкты.