Баткен облусунун прокурорун өлтүргөнгө шектүү жаран 2 айга камаккка алынды
11:33, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Баткен шаардык соту облустун
прокурорун өлтүргөнгө шектүү жарандын баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу
24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттун чечими менен Мэлис Калыков 2 айга камакка алынат.
Эске салсак, облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрда Баткенде өлтүрүп кетишкен. Сөөгү шаардын четинен табылган. Окуяга шектүү делип капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды.