USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жогорку сотто Адахан Мадумаровдун кассациялык арызы каралууда

14:05, 20 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку сотто бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралууда. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Саясатчы өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча мурунку соттук инстанциялардын чечимдерине каршы кассациялык арыз берген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, ремонт иштерине байланыштуу журналисттер сот залына киргизилген жок.

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. 2024-жылы соттун чечими чыккандан кийин ал мандатынан ажыратылган.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаровго карата эки кылмыш иши козголгон — «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча айыптоо (2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча кол коюлган протокол) жана «Алдамчылык» беренеси боюнча айыптоо (2015-жылы партияга 50 миң доллар берүү тууралуу арыз). Кийинчерээк бул иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.

Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган. Ал УКМКнын тергөө камагында жети ай отурган.

2024-жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошоткон. 2024-жылдын 10-июлунда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Мадумаровго карата өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Саясатчы өзү бардык айыптарды четке кагып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18