Мавлян Аскарбековдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди
Саясатчы Мавлян Аскарбековдун адвокаты Эрик Ирискулбеков Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмүнө апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал 24.kg басылмасына билдирди.
Эске салсак, 29-сентябрда сот Аскарбековду эки жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлган. Буга анын Facebook баракчасындагы Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик жарандар тууралуу билдирүүсү себеп болгон.
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков азыркы бийликтин дарегине айткан сын-пикирлери жана өлкөдөгү окуяларга берген комментарийлери менен белгилүү.