Кыргызстанда курулуп жаткан «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун видеосу тартылды. Жаңы аба майданы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курулууда жана өлкөнүн түштүгүндөгү ири авиациялык объекттердин бири болуп калышы керек.
Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Багыш айыл аймагынан аэропорт үчүн 381 гектар жер аянты бөлүнгөн.
Долбоордо узундугу 3800 метрди түзгөн учуп-конуу тилкесин жана саатына 350гө чейин жүргүнчүнү тейлөөгө эсептелген заманбап үч кабаттуу жүргүнчү терминалын куруу каралган.
Аэропорт эл аралык 4E категориясы боюнча долбоорлонууда, бул чоң аба кемелерин, анын ичинде Boeing жана Airbus учактарын кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Курулуштун болжолдуу баасы 60 миллион долларга жакын каражатты түзөт. «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынан маалымдашкандай, акыркы сумма жумуштар жана финансылык эсептөөлөр аяктагандан кийин өзгөрүшү мүмкүн.
Соңку жарыяланган пландарга ылайык, аэропорттун курулушун 2027-жылдын III кварталында аяктоо пландалууда.
Жаңы авиациялык комплекс шаар ичинде жайгашкан жана андан ары өнүктүрүү үчүн чектөөлөрү бар азыркы аэропорттун ордун басышы керек.