Жалал-Абад облусундагы жаңы аэропорт эмки жылы күздө ачылат
Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушун 2027-жылдын күзүндө аяктоо пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, курулуш үчүн облустагы алты-жети тилке каралган. Эң ылайыктуу аймак Россия менен Түркиянын долбоорлоо институттарынын катышуусундагы изилдөөлөрдөн кийин тандалып алынган.
«Бул аэропорт эң оболу жүк ташуучу авиакаттамдарга багытталган, анткени жанынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өтөт. Биз аэропортту өнүктүрүүдө муну эске алышыбыз керек», — деди Самидинов.
Анын баасы алдын ала 50–60 миллион долларга бааланууда.
Учуп-конуу тилкесинин узундугу — 3 миң 600 метр. Эки рулдоо тилкеси, төрт учак токтоочу жай жана аянты 12 миң квадраттык метрди түзгөн аэровокзал комплекси пландаштырылган.
Аэропорт Airbus A320 (анын ичинде A319 жана A321) жана Boeing 737 учактарын, ошондой эле жүк ташууга кайра жабдылган аба кемелерин кабыл ала алат.
Аэропорт ачылгандан кийин адегенде Жалал-Абадды Бишкек менен байланыштырган ички каттамдар ишке киргизилет. Андан соң чет элдик авиакомпаниялар менен эл аралык багыттарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат.
«Биз буга чейин Бишкекке жана Ошко учуп жаткан ташуучуларды чакырабыз. Алар аэропортко аудит жүргүзүп, анын өздөрүнүн талаптарына шайкештигин текшериши жана маршруттардын коммерциялык жагымдуулугун баалашы керек. Ошондон кийин гана эл аралык каттамдарды ачуу жөнүндө айтууга болот», — деп түшүндүрдү Самидинов.
Курулуш иштерин президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик компаниясы жүргүзүүдө.
Жаңы аэропорт ачылгандан кийин Жалал-Абаддын азыр иштеп жаткан аэропорту мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилет. Аны андан ары пайдалануу тууралуу чечимди өкмөт кабыл алат.