Жаңы темир жолдо тоннель жана көпүрөлөрдү куруу уланууда
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн бардык тилкелеринде курулуш иштери уланууда.
«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, долбоордо каралган 29 тоннелдин 28 объектисинде иштер жүрүп жатат, ал эми бир тоннелди казуу иштери толугу менен аяктады.
Ошондой эле долбоордун алкагында пландаштырылган 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, темир жол Чыгыш Азия менен Борбордук Азиянын ортосунда Жаңы транспорттук коридорду ачып, андан ары Жакынкы Чыгыш жана Европа базарларына чыгуу менен Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан менен байланыштырууга багытталган. Долбоордун идеясы 1990-жылдардан бери талкууланып келгени менен, өлкөлөр практикалык ишке ашырууга кыйла кеч өтүшкөн.
Долбоорду ишке ашыруудагы кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде кол коюлган. Курулушка расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында Жалал-Абадда үч мамлекеттин башчыларынын катышуусунда берилген.
Долбоорго ылайык, темир жолдун жалпы узундугу болжол менен 532,5 чакырымды түзөт, анын 304 чакырымы Кыргызстан аймагы аркылуу өтөт. Өлкө тилкесинде 50 көпүрө жана 29 тоннель куруу каралган.
Жаңы магистраль Кыргызстандын эл аралык жүк ташуу тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, анын транзиттик потенциалын чыңдайт жана аймактык сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.