Бүгүн Чалдыбар — Кайыңды темир жол өтмөгү 10 саатка жабылат. Себеби
Бүгүн, 26-ноябрда Чалдыбар — Кайыңды темир жол тилкесинин 3699-чакырымында жайгашкан кайтаруусуз өтмөктө унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө темир жолду оңдоо иштерине байланыштуу киргизилип, саат 08:00дөн 18:00гө чейин созулат.
Унаалар үчүн төмөнкү айланма жолдор сунушталат:
- 3703-чакырым — Кайыңды шаары, Эмгек көчөсү;
- 3691-чакырым — Чалдовар айылы, Биринчи май көчөсү.
Ишкана айдоочуларды жол жүрүү багытын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырат.