USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

V Элдик курултай: Ош облусунан 130 делегат шайланды

08:04, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош облусунан 18-декабрда өтө турган V Элдик курултайга 130 делегат шайланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусу боюнчаөкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Элдик курултайга шайланган делегаттардын жалпы жыйыны өтүп, ага 130 делегаттын 125и катышып, кворум бар деп табылды.

Жыйында президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев эл тарабынан жүктөлгөн жоопкерчилик чоң экенин белгилеп, делегаттар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн жыл ичинде аткарган иши тууралуу маалыматы угулуп, Улуттук Кеңештин жана эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер сунушталды.

Белгиленгендей, Улуттук кеңештин мүчөлөрү ар бир райондон калктын санына жараша шайланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18