Президент V Элдик курултайдын уюштуруу комитетинин курамын жаңылады
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди.
Уюштуруу комитетинин курамынан үч адам чыгарылды:
- Мамбеткерим Чекиров;
- Аяз Баетов;
- Канат Сагынбаев.
Алардын ордуна жана кошумча түрдө уюштуруу комитетинин курамына төрт адам киргизилди:
- Алмаз Айылчиев — Кыргызстандын юстиция министри;
- Алмаз Имангазиев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Чолпонкул Арабаев — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор;
- Сулайман Кайыпов — Улуттук илимдер академиясынын Асылбек Алтмышбаев атындагы Философия институтунун социалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор.
Ошентип, уюштуруу комитетинен үч катышуучу чыгарылып, төрт жаңы мүчө киргизилди.
Уюштуруу комитети V Элдик курултайды даярдоо жана өткөрүү, делегаттарды шайлоону уюштуруу жана тиешелүү иш-чараларды координациялоо үчүн жооптуу.
Жарлыктын текстинде кадрдык өзгөрүүлөрдүн себептери такталган эмес.
Эске салсак, V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт. Президент жарлыкка үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кол койгон. Элдик курултай 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет.