USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Тумоо коркунучу. Өзбекстан дагы чек арада санитардык көзөмөлдү күчөттү

13:18, 07 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Орусияда тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматтын пайда болушуна байланыштуу Өзбекстан дагы чек арада көзөмөлдү күчөттү.

Өзбекстан Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо комитети Орусиянын Иркутск облусунда чумага каршы институттун 28 жаштагы кызматкеринин каза болгон учуру катталгандыгына байланыштуу өлкө бийлиги санитардык көзөмөлдү күчөтүп, тиешелүү кызматтардын даярдыгын жогорулатканын маалымдады.

thumb (2).jpg

Бул чаралар инфекциянын кирип кетишин жана андан ары жайылышын алдын алууга багытталганы кабарланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Казакстан дагы мамлекеттик чек аралардагы өткөрүү пункттарында алдын алуу чараларын жана санитардык-карантиндик көзөмөлдү жандандырышкан.

Эске салсак,Орусиянын Иркутск облусундагы Шелехов ооруканасында 27 жаштагы бейтап каза болгон. Ал каза болгондон кийин стационар карантинге жабылып, аял менен байланышта болгон адамдар изоляцияланып, медициналык байкоого алынган. Өлүмдүн себеби азырынча адистер тарабынан аныкталып жаткан инфекция менен байланыштырылууда. Бул окуянын фонунда социалдык тармактарда тумоооорусун жугузуп алуу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18