Кения Бундибугио вирусу чакырган Эбола оорусунун биринчи учуру катталганын билдирди. Кения бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) көмөгү менен инфекциянын андан ары жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүүдө.
БУУнун маалыматы боюнча, ооруган адам — Демократиялык Конго Республикасында жашап, ошол жактан өзүн начар сезе баштаган Кениянын жараны. Ал ДКРдин бир нече медициналык мекемесине кайрылып, андан кийин Найробиге учуп келген. Келери менен бейтап борбор калаадагы ооруканага дароо изоляцияга алынган.
Вирусология боюнча улуттук лаборатория жана Кения медициналык изилдөөлөр институту өткөргөн анализдер Бундибугио вирусу бар экенин ырастады. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, бейтап 5-октябрга караган түнү каза болуп, эртеси күнү Эбола учурундагы коопсуз сөөк коюу протоколуна ылайык жерге берилди.
Кения Эбола учурун ырастаган төртүнчү өлкө болуп калды. ДКР учурда күрөшүн улантууда, Уганда акыркысын 2026-жылдын августунда аяктады. Ал эми Франция июнь айында инцидент тууралуу кабарлаган. Угандада жугузуулардын көбү ДКРге болгон сапарлар менен, ал эми бир бөлүгү — байланыштар жана медицина кызматкерлери аркылуу жугуу менен байланыштуу болгон.
Кения бийлиги бейтапты дарылоого катышкан туугандары жана медиктерди кошкондо, байланыш аркылуу инфекция жугузуп алышы мүмкүн болгон 28 адамды аныктады. Ошондой эле байкоодон жана зарыл болсо карантинде өтүшү керек болгон каттамдагы 23 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү изделүүдө.
2026-жылдын май айынан бери Кения ДКР жана Угандадагы кулач жаюулардан улам жогорулатылган даярдык абалында болчу. 6-октябрга карата ал жакта өлкөгө келген 652 миңден ашык адамдын абалы текшерилген. Кенияда 5 миңге жакын медкызматкер Эболаны алдын алуу жана дарылоо ыкмаларына үйрөтүлгөн.
Кениянын Эболанын кулач жаюусуна даярдык көрсөткүчү, ДСУнун баалоосу боюнча, 2026-жылдын май айындагы 66 пайыздан июль айында 82 пайызга чейин өскөн.
ДСУ колдо бар маалыматтардын негизинде ДКР, Уганда же Кения менен болгон сапарларга же соодага чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштабайт жана Эболага байланыштуу чаралардын мониторингин улантууда.