Таштандыны кайрадан туура эмес жерге ыргыткандар коомдук жумуштарга тартылат
Кыргызстанда аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин кайрадан бузуу жана таштандыны уруксат берилбеген жерлерге ыргытуу үчүн жаза катаалдаштырылды. Тиешелүү өзгөртүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилди.
Өзгөртүүлөр 114-беренеге («Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу») жана 115-беренеге («Таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытуу, жыйноо, өрттөө») тиешелүү.
Эгерде көрктөндүрүү эрежелерин бузуу жаза колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайрадан кайталанса, тартип бузууга 20 сааттык коомдук жумуштар дайындалат.
Таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытуу, жыйноо же өрттөө бир жыл ичинде кайрадан жасалса, 20 сааттан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартуу каралган.
Мындай кайрадан жасалган тартип бузуулар боюнча протоколдорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүп, сотко жөнөтүшөт.
Мындан тышкары, мыйзам коомдук жумуштардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн электрондук-техникалык каражаттарды колдонууга уруксат берет. Бул каражаттар катары мындай жазанын аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган түзүлүштөр жана программалык камсыздоолор түшүнүлөт.
Колдонуштагы кодекске ылайык, коомдук жумуштар — бул негизги жумуштан же окуудан бош убакта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгектенүү болуп саналат жана ал сот тарабынан дайындалат.
Мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет.