USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Салык кызматы мыйзамсыз алкоголдук ичимдик өндүргөн жайды аныктады

12:10, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы акциздик продукцияны мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында үй шартында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо фактыларын аныктады.

Салык кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө 218 литр ичимдик жана 224 миң 557 даана жасалма акциздик марка алынды.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Алынган продукция боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз түрдө спирт жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө өндүргөндөргө 50 миң сом айып пул салуу же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди акциздик товарларды мыйзамсыз даярдоодон, сактоодон жана сатуудан алыс болууга чакырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18