Кыргызстанда расмий иштеген таксист жана курьерлердин саны 110 миңден ашты
Киреше салыгы азайгандан кийин таксисттер жана курьерлер көмүскөдөн чыга башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Чет элдик мугалимдерди киреше салыгынан бошотуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар Кыргызстанда дагы кимдер мындай жеңилдиктерге ээ экенине кызыгышты.
Кубанычбек Ысабековдун айтымында, майыптыгы бар адамдар 10 пайыздын ордуна 5 пайыз, ал эми тигүү тармагынын жумушчулары орточо айлык акынын 1 пайызын төлөшөт.
«Ошондой эле таксиде, курьер болуп иштегендер 1 пайыз киреше салыгын төлөшөт. Мурда алар көмүскөдө иштешчү. Көрүлгөн чаралар жакшы натыйжа берүүдө. Учурда 110 миңден ашуун таксист жана курьер расмий түрдө эмгектенип жатат», — деди салык кызматынын өкүлү.