Садыр Жапаров «Кумтөр» 2050-жылга чейин иштей турганын айтты
Кыргызстандагы бардык пайдалуу кен чыккан жерлерди мамлекет өз алдынча иштетүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы «Кумтөр» кени 2032-жылы токтошу мүмкүн деген кабарларга өзүнчө токтолуп, маалымат берди. Анын айтымында, ишкана ишин улантат жана кенди казуу 2050-жылга чейин жүргүзүлөт.
Президент жакынкы жылдары «Кумтөрдөгү» карьерлердин биринде — Борбордук карьерде — алтын камтылган руда түгөнөрүн түшүндүрдү. Бирок бул бүтүндөй ишкананын иши токтойт дегенди билдирбейт.
«Азыр карьерде иштеп жаткан 100дөн ашык оор тоо-кен техникасын биз келечекте Жетим-Тоо кен чыккан жерин иштетүүгө багыттагыбыз келет», — деп билдирди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал жарандарды расмий маалымат булактарына гана таянууга жана Кумтөрдүн иши 2032-жылы токтойт деген кабарларга ишенбөөгө чакырды.