Кумтөрдүн эсебинен Ысык-Көлдө окуу акысы төлөнүп, турак жай сатып алынат
Ысык-Көл облусунда аймакты өнүктүрүү фондунун каражаттарын студенттердин окуу акысын төлөөгө, кызматтык турак жайларды курууга жана сатып алууга жумшоого уруксат берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 12-ноябрында № 754 тиешелүү токтомго кол койду.
Документ менен 2011-жылдан бери иштеп келе жаткан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилет. Түзөтүүлөр «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан түшкөн каражаттарды пайдалануунун жаңы багыттарын карайт.
Токтомго ылайык, компаниядан 1 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөр түшкөндөн кийин Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы 3 жумушчу күндүн ичинде түшкөн долларды сомго конвертациялап, фонддун атайын казыналык эсебине которууга тийиш.
Мында түшкөн бардык каражаттардын100 пайызы Ысык-Көл облусунун мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталышы керек.
Негизги жаңылыктардын бири — фонддун эсебинен студенттердин окуу акысын төлөө мүмкүнчүлүгү болду. Кеп келишимдик негизде окугандар тууралуу болуп жатат. Бирок милдеттүү шарт каралган: студент келишим түзүшү керек, ага ылайык окууну аяктагандан кийин Ысык-Көл облусунун аймагында кеминде 5 жыл иштеп берүүгө милдеттенет.
Ошентип, аймак адистерди кийин облуста ишке орноштуруу шарты менен даярдоону каржылай алат.
Дагы бир өзгөртүү турак жай менен камсыз кылууга тиешелүү. Эми фонддун каражаттарын кызматтык турак үйлөрдү жана батирлерди курууга же сатып алууга пайдаланууга уруксат берилди.
Мындан тышкары, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттик кирешелердин калыптанышына өбөлгө түзгөн бизнес-долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.
Мындай долбоорлор фонддун байкоочу кеңешинин жактыруусуна ээ болушу керек. Ошол эле учурда алардын максаттуу багытын кеңештин макулдугу менен гана өзгөртүүгө болот.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду башка булактар менен катар Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен да каржыланат. Анын каражаттары аймактык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.