Ниязбеков, Туманбаев, Жунушалиев I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров бир катар жогорку кызматтагы мамлекеттик аткаминерлерди «Манас» ордендери менен сыйлады. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Документке ылайык, I даражадагы «Манас» ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:
- Айбек Жунушалиев — Бишкек шаарынын мэри;
- Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
- Каныбек Туманбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу.
Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Эске салсак, «Манас» ордени Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болуп саналат. Ал 3 даражадан турат, алардын ичинен I даражасы — эң жогоркусу болуп саналат.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылганы белгилүү болгон.
Мамлекеттик сыйлыктар кесиптик жетишкендиктери, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.