Нарында жалпы баасы 77,5 миллион сомду түзгөн спорт комплекси курулуп жатат. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Объекттин курулушу ушул жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1 миң 118 чарчы метрди түзөт. Спорт комплекси эки блоктон турат, алардын ар бири үч кабаттуу.