USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Москвада мекендешин уурдоого шектелип үч кыргызстандык кармалды

10:33, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар күч колдонуу менен киши уурдап кетишкени тартылган видео тараган. Окуя 5-октябрда Москвада болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги колдо бар маалыматка таянып, окуяга катышкандар Кыргызстандынжарандары экенин билдирди.

Орусиянын укук коргоо органдары окуягакатыштыгы бар деп шектелген үч адамды кармашты. Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Адам уурдоо» боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.

Блок YouTube

Жабыркаган жаран дагы Кыргызстандын жараны. Учурда ага зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги КР Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте Орусиянын укук коргоо жана тергөө органдары менен байланышта болууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигикырдаалды көзөмөлдө кармап турганын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18