Кыргызстан менен Того дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визада
Кыргызстан менен Того дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотот. Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу тиешелүү мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, Кыргызстан жана Тогонун дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери экинчи мамлекеттин аймагына визасыз кирип, чыгып жана транзит менен өтө алышат.
Визасыз режим 180 күндүк мезгил ичинде 90 күнгө чейинки мөөнөткө каралган.
Эске салсак, буга чейин Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе «ШКУ плюс» жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келген.