USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын ИДПсы быйылкы жылы 1,6 триллион сомдон ашты

11:04, 15 октября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь — сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү, алдын ала баалоолор боюнча, 1 триллион 640 миллиард 885,5 миллион сомго жетти. Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2025-жылдын январь — сентябрына салыштырмалуу ал 10,8 пайызга өстү.

Бир ай ичинде ИДПнын өсүүсү бир аз жайлады — 2026-жылдын август айынын жыйынтыгы боюнча ал 11 пайызды түзгөн болчу.

ИДПнын жалпы көлөмүндө тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 48,7 пайыздан ашыкты, товар өндүрүү тармактары — 35,9 пайызды жана өнүмдөргө болгон таза салыктар — 15,4 пайызды түздү.

Өнөр жайда кайсы тармактар өсүү боюнча алдыда

Сегиз айдагы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 685 миллиард 387,8 миллион сомду түздү.

2025-жылдын январь — сентябрына салыштырмалуу өнөр жайдын 7 пайызга өсүшүн камсыздаган негизги тармактар төмөнкүлөр болду:

  • химиялык продукцияларды өндүрүү — 2,3 эсеге;
  • тазаланган мунай продуктуларын өндүрүү — 1,9 эсеге;
  • жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү, полиграфиялык ишмердүүлүктүн өнүмдөрү — 41,3 пайызга;
  • транспорт каражаттары — 39,4 пайызга;
  • курулуш материалдарын өндүрүү — 29,1 пайызга.

Акыркы бир айда өндүрүш көлөмүнүн өсүшү боюнча лидерлердин бештиги өзгөргөн жок.

Ошол эле учурда негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 1,7 пайызга төмөндөдү.

Баалар кандай өзгөрүп жатат

Январь — сентябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) 8,1 пайызды түзүп, бир ай ичинде 0,5 пайыз кошулду. Жылдык туюнтууда инфляция 12,2 пайызга жетти.

2026-жылдын башынан бери баалардын өсүшү бардык негизги позициялар боюнча байкалды. Алсак, төмөнкүлөр кымбаттады:

  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер — 11,8 пайызга;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 8 пайызга;
  • тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар — 7 пайызга;
  • азык-түлүк эмес товарлар — 6,8 пайызга.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18