USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

КМШ өлкөлөрү ичинен Кыргызстан ИДПнын өсүш темпи боюнча көрсөткүчү жогору

09:09, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүш темпи боюнча эң жогорку көрсөткүчтө болууда. Бул тууралуу Шериктештиктин аткаруу комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу КМШ боюнча жалпысынан ИДП 1,6 пайызга өстү. Шериктештикке мүчө болгон бардык мамлекеттер оң динамиканы көрсөтүштү.

Эң жогорку өсүш темптери Кыргызстанда (11,1 пайыз), Өзбекстанда (8,5 пайыз) жана Тажикстанда (8,2 пайыз) катталды.

Өнөр жай өндүрүшү, айыл чарбасы, ошондой эле чекене соода айланышы өсүшүн улантты. Жалпысынан КМШ боюнча биринчи алты айда айыл чарба продукциясынын көлөмү 1,7 пайызга көбөйдү. Январь — июль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 0,8 пайызга өстү.

КМШда (Түркмөнстан боюнча маалыматтарды эсепке албаганда) товарлардын тышкы соода айланышынын нарктык көлөмү (учурдагы баалар менен) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга көбөйдү.

Оң динамиканы Армения (+0,7 пайыз), Азербайжан (+0,9 пайыз), Кыргызстан (+1,9 пайыз), Өзбекстан (+2,8 пайыз), Казакстан (+7,8 пайыз), Россия (+11,4 пайыз), Молдова (+15,3 пайыз), Беларусь (+21,2 пайыз) жана Тажикстан (+44,2 пайыз) көрсөтүштү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18