Бишкекте курьер болуп иштеп, эки баласын жалгыз багып жаткан жалгыз бой эне үч бөлмөлүү батирдин ээси болду. Турак жайды сатып алгандан кийин ашкан акчаны ал жардамга муктаж башка адамдарга берүүнү суранды.
Эки күндүн ичинде кыргызстандыктар Ажар үчүн 130 миң доллар чогултушкан. Батир 102 миң долларга сатылып алынган. Калган сумманы аял башка муктаждардын жардамына багыттоону чечкен.
Социалдык тармактарда энеси буйрутманы жеткирип жатканда кызынын электромопедде уктап жаткан видеосу тарап, кеңири резонанс жараткан. Видео колдонуучулар арасында чоң колдоого ээ болгон. Бул окуядан кийин аял үчүн Instagram тармагында өзүнчө баракча ачылып, каражат чогултуу үчүн реквизиттер жайгаштырылган.
Бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан учур эмес. Жазында соцтармактарда балдар арабасын түртүп, курьерлик кызматта иштеп жүргөн дагы бир аялдын видеосу тараган. Коомдук резонанстан кийин Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ага батир белек кылган.
Балдарын жалгыз тарбиялап, каржылык кыйынчылыктарга кабылган аялдардын окуялары коомчулукта дайыма тилектештик жаратат. Ажырашуудан кийин балдар адатта энесинде калат да, аларга үй-бүлөнү жалгыз багууга туура келет. Айрым аялдар жардам сурап президентке кайрылышат.
Ошол эле учурда алимент төлөбөө көйгөйү актуалдуу бойдон калууда. Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда алимент боюнча карыз 6 миллиард сомдон ашты.