USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Эки баласы бар курьер-аялга бир күндө 7 миллион сом чогултуп беришти

10:13, 27 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда курьер болуп иштеп, жанына эки баласын ээрчитип алган жалгыз бой энеге бир күндө 7 миллион сом чогултулду. Жакынкы аралыкта ага батир алып берүү пландалууда, ал эми балдарын жеке менчик бала бакчага кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти.

Апасы буйрутманы жеткирип жүргөндө, кичинекей кыздын электромопедде уктап жаткан видеожазуусу коомчулукта кеңири талкууга себеп болду. Видео социалдык тармактарда тез тарап, колдонуучулардын боорукерлигин ойготкон.

Дал ушундан кийин аял үчүн Instagram тармагында өзүнчө баракча ачылып, каражат чогултуу үчүн реквизиттер жайгаштырылган. Бир күндүн ичинде кыргызстандыктар ага 7 миллион сом которуп беришкен.

Блок YouTube

Аялдын аты Ажар, ал жолдошу менен ажырашып кеткен жана эки баланы жалгыз тарбиялап келет. Жакында эле ал бала бакчага жумушка орношуп, айына 20 миң сом айлык алат. Аргасыздан кошумча курьер болуп иштеп, балдарын жанына алууга туура келет. Ажардын айтымында, мурунку күйөөсү каржылык жардам көрсөтпөйт. Үй-бүлө ижарага алынган батирде жашайт.

Эске салсак, жаз алды менен социалдык тармактарда наристеси түшкөн арабаны түртүп, жөө курьер болуп иштеп жүргөн аялдын видеосу тараган болчу. Бул окуя да коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кийинчерээк Мамлекеттик ипотекалык компания ага батир белек кылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18