Боом капчыгайында төрт күнгө кыймыл жарым-жартылай чектелиши мүмкүн
13-октябрдан 16-октябрга чейин Боом капчыгайында Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 128-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.
Жумуштар күн сайын саат 09.00дөн 15.00гө чейин пландаштырылган.
Бул убакта транспорттун кыймылы жарым-жартылай чектелип, өтүү бир тилке боюнча уюштурулат.
Эгерде жолдо 30–40тан ашык автоунаа топтолуп калса, жумуштар убактылуу токтотулуп, транспорттун өтүүсү камсыз кылынат.
Айдоочулардан сапарларды пландаштырууда чектөөлөрдү алдын ала эске алууну суранышат.