USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Аскат Алагөзов Суваналиевдин "Кыргызтест" боюнча билдирүүсүнө эмне деди? Жообу

14:03, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргызтесттен» өтпөй калган президенттикке талапкерлерди тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берген эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Өмүрбек Суваналиевдин акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, мамлекет башчысы ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен жолугушууларды өткөрүп келерин белгиледи.

Алагөзовдун айтымында, жолугушуулардын биринде «Кыргызтесттен» өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. Анда президент тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мыйзам жол берерин айткан. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.

«Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес.

Мисалы, президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыров аттуу жараныбыз алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактар аркылуу айтып чыкканын көрдүк. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин алууга жетишпей, документтерин тапшыра алган эмес. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?

Президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын болушун, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдойт. Мурда да баса белгилегенибиздей, шайлоо өнөктүгү башталды. Алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер, ушак-айыңдар дагы көп болот. Бул саясий атаандаштыктын ажырагыс бөлүгү. Андыктан шайлоо мезгилиндеги ар бир билдирүүнүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар да турушу мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызмат өтөө тартибин өзгөрткөн жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, эми аталган категориядагы кызматкерлер белгилүү бир шарттарды сактоо менен негизги кызматынан тышкары акы төлөнүүчү кошумча иштер менен расмий түрдө алектене алышат.

Кызматкерлерге өз кесиптик чөйрөсүндө окутуучулук, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана ал үчүн кошумча акы алууга уруксат берилет. Бул үчүн кызматкерди кызматка дайындаган жетекчи менен алдын ала макулдашуусу, кызыкчылыктар кагылышуусунун болбошу жана негизги кызматтык милдеттердин сапаты менен көлөмү сакталышы шарт.

Ошондой эле, кызматкерлерге саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук жана ыктыярчылык тармактарындагы тармактык бирикмелерде коомдук пайдалуу иштерди алып баруу укугу бекитилди.

Кызматкердин өзүнүн түз макулдугусуз аны эмгек өргүүсүнөн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алууга тыюу салынат.Зарыл учурда макулдукту телефон же санариптик байланыш каналдары аркылуу аралыктан бекитүүгө болот.

Кызматкерлердин укуктарынын тизмесине башкаруучулук чечимдерди даярдоого, кароого жана кабыл алууга түздөн-түз катышуу киргизилди. Ал эми коммерциялык эмес уюмдардын жетекчи, камкорчулук жана байкоочу кеңештерине мыйзамдарда жана эл аралык макулдашууларда каралган учурларда гана, же болбосо Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын макулдугу менен катышууга жол берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18