USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Алдамчылар Аскат Алагөзовдун атынан аким жана мэрлерден акча талап кылышкан

10:23, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда алдамчылар акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге чалып, өздөрүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов катары тааныштырып, ар кандай маселелерди чечип берүү үчүн акча талап кылышууда.

Аскат Алагозов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу да билдирүүлөрдү жөнөтүп, кадрдык дайындоолорго, кызматкерлерди которууга жана кызматтык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылышууда.

1794282589304-5bed658b-2ca8-428a-b431-bbad19e2b593-89678640911529951904860194550280049888424428njpg-optimized.webp

«Эскерте кетейин: мен кадрдык дайындоолорго, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм. «Тигини кызматка коем, муну башка жакка котором» деген сыяктуу убадаларды бербейм жана эч кимден акча сурабайм. Менин атымдан чалган мындай адамдарга ишенбеңиздер! Бул — алдамчылардын жана шылуундардын аракети.

Сак болуңуздар!», — деди Алагөзов.

Ошондой эле ал маалымат укук коргоо органдарына берилгенин кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18