USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар

10:47, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 13-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ачык.

Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда саат 09:45ке карата автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Ошондой эле Өтмөк ашуусунда жол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда абал туруктуу.

Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18