USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Айдоочулардын эсине! Төө-Ашууда кар жаап жатат

11:40, 29 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Аба ырайынын начарлашына байланыштуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга эскертүү менен кайрылды.

Айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин катуу сактоого, унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты сактоого жана кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууга чакырышат.

Жааган кар транспорттун кыймылын татаалдаштырышы мүмкүн болгон жолдун тоолуу тилкелеринде өзгөчө этият болуу зарыл.

Учурда тиешелүү кызматтар жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Ашуунун жабылышы же транспорттун кыймылына чектөөлөр киргизилгендиги тууралуу маалымат түшкөн жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18