USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Зеренин атасы Асылбек иликтөөнү Бишкек ШИИББнын тергөөчүлөрү жүргүзсүн дейт

15:37, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Зеренин атасы Асылбек анын кызына карата болгон коркутуу фактысы боюнча иликтөөнү Бишкек ШИИББнын тергөөчүлөрү жүргүзсүн деп талап коюуда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Зере Асылбек бир күн мурун Ысык-Ата РИИБга арыз жазган. Кылмыш иши азырынча козголо элек. Факт боюнча текшерүү жүрүп жатат.  «Мени менен тартип сакчылары байланыша элек», — деди Зере Асылбек.

Эске салсак, Ырчы Зере Асылбек «Кыз» аттуу чыгармасынан кийин өз дарегине ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө даяр болгонун 24.kg агенттигине билдирген болчу. Ырчы бул анын акыркы чыгармасы эмес экендигин айтты.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18