USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Зере Асылбек: Коркутууларга даярмын, чыгармачылыкты таштабайм

12:13, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Зере Асылбек «Кыз» аттуу чыгармасынан кийин оз дарегине ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө даяр болгонун 24.kg агенттигине билдирди. Ырчы бул анын акыркы чыгармасы эмес экендигин айтты.

Маалыматка караганда, ага болгон коркутуулардан кийин арызды милицияга тапшырды. Буга чейин анын дарегине эгерде кыргыз элинин алдында кечирим сурабаса, анда аны өлтүрүп кетебиз деп коркуткан билдирүү келген. 

«Менин клипим —бул менин чыгармачылыгым. Ырдын сөздөрү мага таандык. Коркутуулардан коркпойм, бул эч кандай маселени чечпейт. Реакция бар, демек бул нормалдуу көрүнүш», — деди Зере Асылбек.

ИИМ 24.kg агенттигине аталган факт боюнча териштирүү жүрүп жаткандыгын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18