USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Парламенттин «Өнүгүү -Прогресс» фракциясынын катарынан үч депутат чыгарылды

09:59, 26 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Парламенттин «Өнүгүү -Прогресс» фракциясынын катарынан үч депутат чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине фракциянын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди. 

Анын айтымында, депутат Тазакбек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов фракция ичинде ажырым жаратып, лидери Бакыт Төрөбаевге каршы иштерди жүргүзүп, ички тартипти дагы бузгандыгы үчүн чыгарылды. 

Эскерте кетсек, «24.kg» агенттиги «Өнүгүү -Прогресс» жана «Республика-Ата-Журт» фракцияларынын ичиндеги келишпестиктер тууралуу жазган. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18