10:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламенттин эки фракциясында лидерин алмаштыруу аракети көрүлүүүдө

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаттары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигине нараазычылык билдирип, аны алмаштырууну сунушташууда. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине фракция мүчөлөрү ырасташты.

Депутат Кубанычбек Жолдошбаевдин айтымында, нааразычылыктар бар. Бирок, ал лидерин алмаштырууну сунуштаган депутаттардын атын атоодон баш тартты.

Ал эми Тынчтык Шайназаров фракциялык көпчүлүк лидерин колдоорун билдирди.

«Республика — Ата Журт» фракциясында дагы ахыбал тынч эмес. Жакында эле аталган партиянын тизмесинен парламентке келген Зарылбек Рысалиев фракциянын кезексиз жыйынын чакырып, Өмүрбек Бабановду алмаштырууга аракет жасап жаткандыгы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума