USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Текебаевдин соту. Саясатчылар колдоо көрсөтүүдө

10:18, 13 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотуна бүгүн мурдакы президент Роза Отунбаева жана «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов келди.

Роза Отунбаева буга чейин дагы сотко катышып, иш калыс эмес каралып жатканын, сот Айбек Эрнис уулун буйрукту эмес, мыйзамды аткарууга чакырган.

Бүгүн мурдакы президент күбө катары көрсөтмө берип жатат. Роза Отунбаева сөзүн башында эле иш саясый өңүттө тергелгенин билдирди.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18