USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЦУМдун директорлор кеңеши Болушбек Абдыжапаровдун ыйгарым укуктарын токтотту

10:18, 30 января 2024, Бишкек - 24.kg

«ЦУМ-Холдинг» ачык акционердик коомунун директорлор кеңеши компаниянын башкы директору Болушбек Абдыжапаровдун ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Бош кызмат ордуна ким дайындалганы көрсөтүлгөн эмес.

Эске салсак, УКМК Болушбек Абдыжапаровду Анвар Габбазовдун аффилирленген жагы деп эсептейт. Анвар Габбазов болсо Камчы Клбаевдин уюшкан кылмуштуу тобун каржылоого айыпталып жатат. Ага уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча сырттан айып тагылган. Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланган. Бирок ЦУМдун администрациясы ал компаниянын ээси эмес экенин билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18