06:51
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

«Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды

Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «ЦУМ-Айчүрөк» соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча сыртынан айып тагылды.

УКМК Анвар Габбазов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенгенин белгиледи.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал өзүнүн жардамчысы М.Рамонов аркылуу Көлбаевге Mercedes-Benz 222 брондолгон автоунаа белекке бергени аныкталган. 2020-жылдын октябрь айында аталган унаа экс-премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүлүп берилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаев башка жактар менен Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы баасы 15 миллион долларды түзгөн мурдагы «ЗИЛ» пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, экөөнүн ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Анвар Габбазов Бишкектин престиждүү райондорунун биринде жайгашкан, мурда кримтөбөлдүн жакын тууганына катталган батирди, ошондой эле «Каганат» эс алуу борборунан коттедж сатып алган.

УКМК жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, 0312 66-04-75, 0312 66-65-04 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар