USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлерди издөө иштери токтотулду

14:08, 10 января 2020, Бишкек - 24.kg

«Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлерди издөө иштери токтотулду. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.

Билдирүүгө караганда, дайынсыз жоголгон кызматкерлердин туугандары менен компаниянын жооптуу кызматкерлери арасында биргеликтүү чечим 9-январда кабыл алынды. ӨКМден маалымдашкандай, дайынсыз жоголгон кишилерди бир дагы күн калтырбай издешкен.

Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.

Куткаруучулар «Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлердин унаасын табышканын 24.kg агенттигине ӨКМнын башчысынын орун басары Калыс Ахматов билдирген болчу.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18