USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркияда кыргыз жигитин атып кеткендер кармалды

17:30, 09 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Түркияда кыргыз жигитин атып кеткендер кармалды. Бул тууралу haberler маалымат агенттиги жазып чыкты.

7-июль күнү эрте менен Түркиянын Аланя шаарында жумушуна шашып бараткан 23 жаштагы М.И. аттуу кыргыз жигитти тапанча менен атып өлтүрүп, качып кетишкен кылмышка шектүү 3 адамды полиция 8-июлда колго түшүрдү.

Колго түшкөндөрдүн бири, 40 жаштагы А.Ы. аттуу жаранга «адам өлтүрүү», «каракчылык» беренелери менен айып тагылып, камакка алынды.

Ал эми С.К. и П.С. аттуу жарандар полициянын көзөмөлүндө турган үй камагына чыгарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18